“Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземи эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында иш-чара аба ырайына байланыштуу жылдырылган.
Буга чейин “Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөөрү маалымдалган.