• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аэропорттор 9 ай аралыгында 3 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейледи

4 Жетинин айы 2022 15:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда аэропорттор 2022-жылдын тогуз айында 3 млн 835 миң 410 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн агымы 35,9 пайызга жогорулады. Анын ичинен ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 1 млн 153 миң 426 болсо, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 2 млн 681 миң 984 жүргүнчүнү түздү.

Ошондой эле жогоруда аталган убакта 31 миң 231 каттам аткарылды.

Анын ичинен “Манас” эл аралык аэропортунда 18 миң 295 каттам тейленген: ички – 4 миң 781, эл аралык – 13 миң 514. Жүргүнчүлөр агымы 2 млн 34 миң 848 түзүп, алардын ичинен ички каттамдардан 570 миң 25, ал эми эл аралык каттамдардан 1 млн 464 миң 823 жүргүнчү тейленди.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда 820 каттам тейленди: ички – 151, эл аралык – 669. Жүргүнчүлөр агымы 82 миң 528 түзүп, алардын ичинен эл аралык каттамдардан 72 миң 388, ал эми ички каттамдардан 10 миң 140 жүргүнчү тейленди.

“Ош” эл аралык аэропортунда 12 миң 116 каттам тейленген: ички – 4 миң 759, эл аралык – 7 миң 357. Жүргүнчүлөр агымы 1 млн 718 миң 34 түзүп, алардын ичинен ички каттамдардан 573 миң 261, ал эми эл аралык каттамдардан 1 млн 144 миң 773 жүргүнчү тейленди.

Количество просмотров: 127