• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алагөзов: Эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадга да салынат

4 Бештин айы 2023 17:20 Бишкек Govori.TV

Эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадга да салынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал билдирүүсүндө, «социалдык тармактардын айрым колдонуучулары «Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур. Ошко салынбай калыптыр» деген маанайдагы билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана провакациялык мүнөздө экендигин белгилейбиз», — деп жазган.

Ошондой эле ал жалган жана чагымчыл маалымат таркатуу тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

«Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын майында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан. Анда Ош жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттордун ордуна ипотекалык негизде берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганы маалымдалган», — деп билдирди Алагөзов.

Количество просмотров: 97