• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык суу менен жылуулук үчүн тарифтер кымбаттады

9 Тогуздун айы 202416:57 Бишкек Govori.TV

Депутат Бактыбек Чойбеков жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди көтөрүү боюнча токтомго түшүндүрмө берүүнү суранды.

Ал Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында 31-майда кол коюлган токтомго ылайык, аянты 80 чарчы метрден ашпаган батирлер үчүн жылуулук 25%га, ысык суу үчүн — 39%га чейин жогорулаганыны айтты. Депутат кошумчалагандай, 6-июндагы дагы бир токтом менен 80 чарчы метрден жогору батирлерге жылуулук жана ысык суу тарифи салыктарды эсепке албаганда 1 Гкал үчүн 6 083 сом 50 тыйын төлөнөрү аныкталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 80 чарчы метрден жогору болуп кеткенде гана 6 миң сомдон ашык төлөнчү тариф колдонулат.

Ал эми Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкекте 1 бөлмөлүү батирдин аянты 36 чарчы метр, 2 бөлмөлүү — 44 кв. м, 3 бөлмөлүү — 56 кв. метр экенин айтып, ал эми 80 чарчы метрден ашкандар элиталык үйлөр деди.

Министр өз сөзүндө ким комфортту сүйсө, ал үчүн төлөш керек экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 243