• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Юнусалиев көчөсүн оңдоп-түзөө: эки кесилишти жабуу пландалууда

11 Аяк оона 202417:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматы боюнча, 12-сентябрда Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жаап, 13-сентябрда ачуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, 13-сентябрында Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 14-сентябрдан тарта ачылат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 14-сентябрында Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.

Количество просмотров: 104