• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Юнусалиев менен Жантөшев көчөсүнүн кесилишинен 11 жаштагы баланы коюп кеткен айдоочу кармалды

12 Баш оона 202423:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаш баланы сүзүп кеткен шектүү айдоочу табылды.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-июль күнү саат 11:55те «Мерседес Бенц Е-300» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — 1999-жылы туулган У.Р. Юнусалиев менен Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден 2013-жылы туулган Э.Г.ны сүзүп кеткен. Бала ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөн.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Айдоочу жана башка күбөлөр суралып, окуя болгон жерден видеоматериалдар алынган. Жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, унаага соттук автотехникалык
жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык чечим чыгарылат.
Унаа айып короого токтотулган.

Количество просмотров: 140