• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Юрист: Жаңы ЖМК мыйзамы чийки

13 Бирдин айы 2024 12:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралды.

Комитет жыйынына “Медиа полиси институту” уюмунун юристи Акмат Алагушев «ЖМК тууралуу мыйзамдын» жаңы редакциясын киргизүүнүн зарылчылыгы жоктугун белгиледи.

«Азыркы убакта деле иштер козголуп атат, соттор өкүмдү чыгарып жатат. Кылмыш кодексинин «Кастыкты козутуу» деген бир гана берене боюнча соцтармактарда маалымат тараткан бир нече адам жаза алды. Соцтармактарда маалымат тараткан адамдар, веб сайт эмес. Демек, дагы эмне жетишпей жатат? «Бийликти күч менен кулатууга чакырык» деген берене иштеп жатат. Жарандык жана административдик кодекстерде бүт кабыл алынган. Демилгечилерден сурайт элем: эмне жок, эмне жетишпей жатат? Сунуштап жаткан мыйзамда Маданият, маалымат министрлиги маалымат каражатына эки ирет эскертүү берип, анын ишмердигин токтотуп кое алат. Анан сотко берип, сот ал чечимди нотариус катары эле бекитип берип жатат. Дал ушундай эле түшүнүк. Мен дагы бир ирет айтып коеюн бул мыйзам долбоору өтө чийки», — деди Алагушев.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 75