• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Юстиция министрлиги «чет элдик өкүл» деп үч уюмду каттады

10 Аяк оона 202417:21 Бишкек Govori.TV

КР Юстиция министрлигинин «чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткарат» деген өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) реестрине 3 уюм катталды. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтында маалымдалат.

Андагы маалымат боюнча, уюмдар 9-сентябрда катталган. Алар: юридикалык жактардын ассоциациясы «Евразиялык бизнес клубу» ишкерлер ассоциациясы», юридикалык жактардын бирикмеси «ЖИА Бизнес Ассоциациясы» жана «Fauna and Flore International» (Фауна энд Флора Интернэшнл) Кыргыз Республикасындагы филиалы.

Говори.ТВ агенттиги бул маселе боюнча комментарий алууга «ЖИА Бизнес Ассоциациясына» кайрылып, учурда кеңешүү иштери жүрүп жатканын жана азырынча маалымат бере албастыгын билдик.

Эске салсак, апрель айында Кыргызстанда чет өлкөлүк өкүлдөр боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул документке ылайык, чет элдик донорлордон каржылоо алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенет делинген жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар «чет өлкөлүк өкүлдүн» функциясын аткарган уюмдар деп таанылат. Бул уюмдар өзгөчө реестрге катталышы керек. Реестрге кирген ӨЭУлар күтүүсүз текшерүүлөргө дуушар болушу мүмкүн.

Мыйзам кабыл алынганга чейин көптөгөн өкмөттүк эмес уюмдар, чет элдик укук коргоо уюмдары, БУУ, Европа Биримдиги жана АКШ бир нече жолу документтеги чектөөчү чараларга тынчсызданууларын билдиришкен.

Бирок Кыргызстандын бийлиги өз кезегинде бул кадам өкмөттүк эмес уюмдардын ишин иретке келтирип, алардын кирешелери менен чыгашаларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганын айткан.

Теги:
Количество просмотров: 63