• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Юсупбекова: «Кыйын» тренингинен үмүтүм чоң

11 Бештин айы 2022 10:08 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Гүлзада Юсупбекова. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн келген.

«Мектепте мугалим болуп иштейм, укук таануу сабагынан билим берем жана жарандык активистмин. Көбүн эсе аялдардын укуктары, билим алуусу боюнча иш алып барам. Бул тренингден үмүтүм чоң, көп жаны нерселерди үйрөнүүгө далаалаттануудамын. Чоң долбоорлор менен иштөөдө тажрыйба топтогум келет»,-деди ал.

Количество просмотров: 89