• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Атасынан токмок жеген наристе: Кароосуз калган мигранттардын балдары (түз эфир)

19 Аяк оона 202417:38 Бишкек Govori.TV

Буга чейин интернет айдыңында тараган видео бир катар талкууларды жараткан. Анда атасы баласына орой мамиле кылып, жаман сөздөр менен сөгүп, бөлмөдөн кууп жатканы тартылган. Ал бул кылган кылыгын Россияга иштеп кеткен аялына өчөшкөнү менен түшүндүргөн.

Бул окуя ата-энеси чет өлкөгө иштегени кетип, туугандарынын карамагына калтырылган балдардын көйгөйүн күн тартибине көтөрүп чыкты.

Ал эми бүгүн «Кыйын» ток-шоусунда «Атасынан токмок жеген наристе: Кароосуз калган мигранттардын балдары» аталышындагы талкуу болмокчу.

Катышуучулар:

  • Гулжан Кутманбаева — психолог;
  • Эрика Смамбекова — “Сары-Өзөн” айыл аймагынын алдындагы үй-бүлө жана балдарды колдоо борборунун директору.
Количество просмотров: 2801