• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ызы-чуу менен кызматтан кеткен өкмөт башчылар…

16 Кулжа 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан эгемендикти алгандан бери 30дай өкмөт башчы алмашты. Ал эми акыркы 10 жылдыкта эле 12 премьер-министр алмашты. Алардын арасында коомчулуктун сын пикирлеринен улам кеткендер бар.

Данияр Үсөнов (2009-жылдын 21-декабрында — 2010-жылдын 7-апрелинде)

Качкын президент Курманбек Бакиевдин соңку премьер-министри апрель окуясынан кийин кызматынан айрылган. Ал 3,5 ай премьерликти аркалаган. Апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ушул тапта Белоруссияда жашаары айтылып келет.

Темир Сариев (2015-жылдын 2-майы — 2016-жылдын 11-апрели)

Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоого жарыяланган тендердин тегерегинде жаңжал чыккан. Тендердин мыйзамдуулугун депутаттык комиссия иликтеген. Анын айрым мүчөлөрү Сариевдин айланасындагылар компаниялардын биринин кызыкчылыгын жактаган деп шектенип, депутаттык комиссия Жогорку Кеңешке өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин сунуштаган. Андан көп өтпөй премьер «мындай саясий оюндарга» аралашууга убактысы да, каалоосу да жок экенин айтып, отставкага кеткен.

Өмүрбек Бабанов (2011-жылдын 23-декабры — 2012-жылдын 1-сентябры)

2012-жылы Бабановдун өкмөтү асыл кандуу аргымак чырынан улам отставкага кеткен. «Атамекенчилер» министрлер кабинетинин башчысы кирешелүү келишимге кол коюуга кызыкдар болгон түрк ишканасынан пара катары алган деп айыптап чыккан. Бул маселе коомчулуктун сындарын жаратып, түрдүү кептер айтылган.

Сапар Исаков (2017-жылдын 25-августу — 2018-жылдын 19-апрели)

2018-жылдын апрелинде парламенттик оппозиция өкмөт башчынын ишин канааттандырарлык эмес деп баалайт. Андан кийин Жогорку Кеңеш Исаковдун министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мурдагы премьер айрым депутаттардын туугандарын ишке алуудан баш тартканы үчүн алардын каарына калганын айтат.  Учурда Исаков бир катар козголгон кылмыш иштеринин негизинде 18  жылга соттолуп, камакта.

Мухаммедкалый Абылгазиев (2018-жылдын 20-апрели – 2020-жылдын 16-июну)

Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы айтылган. Жыштык чырына Абылгазиевдин катыштыга бар-жогун аныктоо керек деген пикир депутат Акаев тарабынан айтылган. Учурда жыштык чыры боюнча бир катар аткаминерлер камакка алынып, иликтөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Абылгазиевдин отставкасын талап кылган чырлар буга чейин да чыккан. Алардын бири “бажыгейт” деп аталып, коомчулуктун талкуусуна алынган. “Бажыгейт” чырында Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев негизги ролду ээлеген эле.

Количество просмотров: 400