• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өз атасы сегиз жашар кызын зордуктактап жүргөн

23 Тогуздун айы 2018 18:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV
Ош облусунун тургуну, сегиз жаштагы өз кызын алдап-коркутуу жолу менен зордуктап жүргөн.  Бул тууралуу «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова жазып чыкты.
Анын айтымында жабыркаган кыз  иниси жана апасы менен бирге борбордун убактылуу баш калкалоо жайына жайгаштырылды.
Бул иш боюнча милицияга арыз жазылды.
«Апасы айтып, түгөтө албайт. Үйдөн араң качып чыгышкан», — дейт Асилбекова.
Маалыматты Ош ОИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады. Окуя Ноокат районунда болгон. Азыр текшерүү иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 28