• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өз энеси 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала балдар үйүнө жөнөтүлдү

30 Баш оона 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

Екатеринбургда апасы 300 миң рублга сатууга аракет кылган жети жашар бала балдар үйүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, өгөй атасы бала менен азырынча көрүшө электигин жана ал үчүн уруксат алуу керектигин айткан. “Алар баланын абалы жакшы экенин айтышты. Психикалык жактан баары жайында”, — деди ал.

Буга чейин карызынан улам уулун сатууга аракет кылган кыргызстандык келин кармалганы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү 36 жашта. Аял Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам сатуу” беренеси боюнча 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 941