• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Зөөкүрлөрдү аткыла же элге салып бергиле». Өлтүрүлгөн кыздын ата-энеси кайрылуу жасады

6 Аяк оона 202221:02 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын ата-энеси кызын өлтүргөндөрдү эң катаал жазага тартууну талап кылышты. Бул тууралуу маркумдун атасы Асан Мырзабдыллаев маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыз мектепте жакшы окуган, үй-бүлөдө жалгыз кыз болчу.

«Ал тынч эле. Же аны мыкаачылык менен өлтүргөндөрдү атып салгыла, же элге бергиле. Акыркы жолу кызым менен сүйлөшкөм Москвада болчумун. Ал баары жакшы экенин, окуп жатканын, эч кандай көйгөй жок экенин айтты», — деди Асан Мырзабдылдаев.

Маркумдун апасы айыпталуучуну өлүм жазасына тартууну талап кылды.

«Элге бергиле, үчөөнү тең менин көзүмчө атып салгыла. Жалгыз кызымды өлтүрүштү. Мен аны менен акыркы жолу окуядан эки күн мурун сүйлөшкөм. Пирог бышырып жатканын, рецептин интернеттен көргөнүн айтты. Жекшемби күнү жумушта болгондуктан аны менен сүйлөшө албадым. Кызымды өлтүрбөй эле таштап кетишсе болбой койбойбу», — деди ал.

Количество просмотров: 807