“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, ишкерлер бар.
Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Эне тилибиздин тагдыры кандай болот?» деген тема талкууланат.
Катышуучулар: Чынара Дооранова — Баткен облусунун Кадамжай районундук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башкы адиси, Турдугүл Халилова — Баткен мамлекеттик универиситетинин окутуучусу, Элмира Раманкулова — Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымы.
Модераторлор: Замира Кожобаева.