• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Өзүн атып алган 15 жаштагы өспүрүм ооруканада каза болду

15 Бештин айы 202017:51 Бишкек Govori.TV

Чүйдө кокусунан өзүнө карата ок чыгарып алган 15 жаштагы окуучу ооруканада каза болду. Маалыматты Govori.TVга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, Өспүрүм 15-декабрга караган түнү саат 01:00дө ооруканада каза болгон.

Буга чейин Чүйдө өспүрүм кокусунан өзүнө карата ок атып алганы, ал алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жеткирилген. Белгилей кетсек, окуя 13-декабрда Кызыл-Октябрь айылында орун алган. Анда өспүрүм гаражда турган ок атуучу куралды алып, кокусунан өзүнө карата ок чыгарып алган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө баланын атасы сурак берген. Анда окуя орун алардан 2 күн мурда өспүрүм куралды жайыттан таап келгенин, атасы өз кезегинде патрондорду алып, ок атуучу куралды гаражга катып койгонун билдирген. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 155