• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Компьютердик клубда ойноп жаткан өспүрүм каза болду

4 Аяк оона 202314:17 Бишкек Govori.TV

Токмоктогу компьютердик клубда ойноп жаткан 17 жаштагы өспүрүм каза болду.

Чүй облустук милициядан кабарлашкандай, 1-сентябрь күнү саат 23:30да 17 жаштагы Т.Б. компьютердик клубда ойноп жатып, эс-учун жоготуп койгон. Достору аны ооруканага жеткирип, бирок жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

«Факт каттоого алынды. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 265