“Мен Кудаймын!” деп айткан адам (ред: Арстанбек Алай) боюнча материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов билдирди.
Ал теңирчилер диний уюм катары каттоодон өткөн эместигин белгиледи.
Директор бул тууралуу Жогорку Кеңеште Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Улукбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып айтты.
Анын маалыматында, өлкөдө каттоодон өтпөгөн 20 уюм экстремисттик деп табылды.
Белгилей кетсек, Арстан Алай өзүн «Ааламдын кудайы» деп жарыялап, президент Сооронбай Жээнбековдон президенттик кызматты ага бошотуп берүүнү талап кылган.
Арстан Алай буга чейин «кыш болбойт» деп ишке ашпаган билдирүүсү менен шакабага алынган.