Депутат Кундузбек Сулайманов Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага мектеп директорлугуна, анын орун басарларына талапкерлер тапшырган тесттин татаал экенин айтты.
Анын айтымында, мугалимдер менен директорлор министрлик тарабынан өткөрүлгөн тестирлөөгө нааразы болуп жатат. Депутат тесттердеги суроолор татаал жана балдарды окутууга жана тарбиялоого эч кандай тиешеси жок суроолор кошулуп калганын билдирди.