• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Захарова: Орусия Украинадагы бийликти кулатууну максат кылбайт

10 Жалган куран 2022 9:21 Бишкек Govori.TV

Орусия Украинадагы бийликти кулатууну максат кылбайт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова шаршембидеги брифинг учурунда билдирди.

Захарованын айтымында, согуш Донбасcтагы коргоону, Украинанын «демилитаризациясын» жана «ашынган улутчулдардан арылышын», ошондой эле Орусияга болгон аскердик коркунучту жоюуну көздөйт. Москва Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды «көз каранды эмес мамлекеттер» деп тааныган. ТИМдин өкүлү «Орусиянын кошуна өлкөнү оккупациялоо же анын мамлекеттүүлүгүн талкалоо планы жок» экенин билдирди.

7-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Москва Киевден нейтралитет тууралуу жобонун Конституцияга киргизилишин, жикчилдердин эгемендигин таанууну жана аннексияланган Крымга көз артпоону талап кылганын билдирген.

Количество просмотров: 175