Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары артыкчылыктуу добуш берүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.
Анда президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов депутатты президенттин жарлыгын сыйлоого чакырды.
Ага жооп берген Сулайманов: «Биринчи окууда мыйзам долбоорунун концепсиясын карайбыз. Отурумга мен да катышам. Эч кандай талаш жок. Маселе жок. Экинчи окууда кемчиликтерин жоюп алып чыксак болот», — деди.
Ал эми Калматов: «Паровоздун алдында чуркабай эле мыйзам долбоорун шашпай карасак», — деди.
Кайрадан Сулайманов жооп кайтарып: «Бул мыйзам долбоору 2020-жылы эле кабыл алынган. Өткөн аптада өзүңүз «коё туруңуз эмки жума алып чыгыңыз» деп айтпадыңыз беле. Кошоматчылыкты башкача кылыңыз», — дейт.
Ал арада депутат Мирлан Жээнчороев чыгып сөз сүйлөп, президенттин өкүлү жеке өз оюн айтууга укугу жок экенин билдирди.
Натыйжада экөөнүн ортосунда да пикир келишпестик орун алып, айтыша кетишти.