• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Замир Арыкбаев: «Тойдо кызмат көрсөткөндөр салык төлөшү керек»

3 Бирдин айы 2023 11:00 Бишкек Govori.TV

Тойдо кызмат көрсөткөн ар бир ырчы, тамада салыкты милдеттүү түрдө төлөшү керек деген талап коюлган. Ага карабай көпчүлүк ырчы, тамадалар патент алышпайт. Мындан улам той өтүп жаткан ресторан ээлери жана той ээлери менен биргеликте келишим түзүлүп, анан негизинде салык алынуусу керек деген пикирлер айтылган.

Ырчы Замир Арыкбаев «Govori.TV» нын салык тууралуу берген суроосуна тойго кызмат көрсөткөн ырчы, тамадалар төлөшү керек деген пикирин айтты.

«Алар көрсөткөн кызматынан киреше таап жаткандан кийин, салык төлөшү керек. Мен колдойм жана төлөөгө даярмын»,-деди Арыкбаев.

Количество просмотров: 416