• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Замирбек Аскаров: Аймактарда дотация деңгээли кыскартылууга тийиш

28 Үчтүн айы 2019 10:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты

Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2018-жылы аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата милдеттер боюнча өткөрүлгөн коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын кызматынан кабарлашты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасындагы 2018-жылы ишке ашырыла баштаган артыкчылыктарга токтолду.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык ИДП көлөмү 557,1 млрд сомду түзүп, экономиканын чыныгы өсүүсү 3,5% болгон. Ошону менен бирге өткөн жылы бир катар келечектүү долбоорлордун үстүндө иштөө жана аларды ишке ашыруу башталды. Мисалы, «Түндүк» электрондук тутуму киргизилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы толук кандуу иштеп баштады. Өлкөнү санариптештирүү ар бир жарандын кызыкчылыгында уланууда. Мындан тышкары мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо, экономиканы фискалдаштыруу боюнча чаралар күчтөндүрүлдү», – деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, аймактарда дотация деңгээли кыскартылууга тийиш.

«Талас облусунда дотация деңгээли 33,2% түзөт. 37 айыл өкмөтүнүн 33 дотациялык болуп саналат. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү дотациянын деңгээлин азайтуу боюнча тутумдуу иштерди жүргүзүүгө тийиш. Бул өңүттөн алганда аймакка инвестицияларды тартуу зор мааниге ээ. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдары чет элдик инвесторлор менен контруктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруулары кажет. Биз инвесторлор жергиликтүү калк үчүн жаңы ишканаларды жана жумуш орундарын түзүп, аны менен катар жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүп жатканын эстен чыгарбоого тийишпиз», – деди ал.

Количество просмотров: 13