Быйыл кыргыз өкмөтү 40 айыл өкмөттү дотациядан чыгарганы жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн болуп жаткан жыйынында билдирди.
Премьердин маалыматы боюнча, 2019-жылы 1,8 миллиард сомго аймактарда 168 чакырым жол асфальтталды. Быйыл да ар бир райондо үч чакырымдан жолду асфальттоо каралып жатат.
Кыргызстанда 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы», 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялады.
Бул убакыт аралагында канча айыл дотациядан чыкканы тууралуу маалымат жок.
2019-жылдын октябрь айындагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Алардын 80 пайызы дотацияда отургандыктан, республикалык бюджеттен каржыланып келет.