Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев учурда өлкөдө сотторго ишенбөөчүлүк күч алган учурда, мындай маселени чечүү үчүн соттордун айлыгын көтөрүү керектигин жана ротация жүргүзүү керектигин айтты.
«Учурда сот системасына негиздүү да негизсиз да сындар айтылып келет. Соттор тергөөчүнүн же башка укук коргоочунун актыларын колдоп чечим чыгарбаш керек. Ушул тармакта иш жүрүүдө»,-деди.
Мындан сырткары соттордун айлыгын көтөрүү деле маселени чечүүдө жыйынтык бербей жатканын кошумчалады.