• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Замирбек Базарбаев: «Мен Манастын тилинде сүйлөйм»

24 Кулжа 202211:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-июнда борбор калаада Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевдин катышуусу менен «КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби-реалдуулуктар жана келечек»,-деп аталган презентация болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө төрага жалаң кыргыз тилинде сүйлөдү.

«Мени чет элдик досторум дагы жакшы билишет. Мен аларга «Манастын тилинде сүйлөйм» деп айтам»,-деди.

Кошумчалай кетсек, сот системасынын ишин жакшыртуу максатында атайын тренингдер уюшулуп, кызматкерлердин тажрыйбасын арттыруу иштери боюнча презентация болуп жатат.

Количество просмотров: 827