Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына 10-декабрда электр жарыгы берилди.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 чек ара тозотуна күн панелдери орнотулуп бүтүп, электр энергиясы берилди.
Саамалыкка энергетика министри Таалайбек Ибраев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер катышып, айыл элинин кубанычына ортоктош болушту.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке көзөмөлү менен айылга минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы орнотулду.