• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зардалынын жалгыз унаа жолу тазаланып, кеңейтилип жатат

15 Тогуздун айы 202414:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык келерки жылдын жазында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарга жазды.

Зардалы Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май-июнда ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Эске салсак, мамлекет башчысы Зардалыга үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында барып, айыл тургундарынан кабар алган.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар орчундуу көйгөй катары унаа жолун жасап берүү өтүнүчүн айтышкан. Президент Садыр Жапаров Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген.

Количество просмотров: 119