• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбек бийлиги муктаж аялдарга «барак үйлөрдүн » сертификаттарын тапшырды

14 Чын куран 2023 17:25 Бишкек Govori.TV

Наманган облусунун башчысы Шавкат Абдуразаков мартта 110 аялга “президенттин белеги” катары турак жай сертификатын тапшырган. Бирок алардын онуна гана жаңы үй бөлүнүп, калганына жашоого жараксыз барак тибиндеги тамдар сунушталууда.

Андан бери бир жарым ай өттү. Акимдин колунан “сертификат” алган аялдар ирээнжип калганын билдиришүүдө.

Гүлчехра Омонованын айтымында, ага авариялык абалдагы үй сунушталган. Азыр ал эски үйдү алууга да макул, себеби оор абалда.

“Мага бул эски үйдү да бербей жатышат. Жума сайын кайрылып жатам, бирок кайсы бир документтин жоктугун шылтоо кылышууда. Убакыттын өтүшү менен мени унутуп коюушабы деп коркуп жатам. Себеби мени үч жылдан бери алдап келишет”, – деди ал.

“Оздоликке” маек берген Шахноза Давидованын айтымында, аялдарга үй салуу үчүн республикадан 100 миллион сум (9 миң долларга жакын) бөлүнгөн:

«Бул акчанын 96 миллион суму (8 миң 400 доллар) биздин наамыбызга түшкөн. Эми алар бизге 50-60 миллион сумдук (4,5 миң доллардан 5 миң долларга чейин) барак тибиндеги үйлөрдү сунуштап, Телеграм аркылуу сүрөттөрдү жөнөтүп жатышат. Бул үйлөрдө жашоо мүмкүн эмес. Биз тааныган эки аялга жаңы турак жай беришти, калгандарыбызды барак үйлөргө көчүрүүгө аракет кылышууда.

Өзбек өкмөтү 2021-жылы “Ташкент шаарынын аз камсыз болгон аялдарын турак-жай менен камсыз кылуу жөнүндө” токтом кабыл алган.

Документке ылайык, бул максатта республика боюнча 1000 батир сатып алуу пландаштырылган.

Бирок аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн курулган турак жайлардын бир бөлүгү жергиликтүү жетекчилердин жакын туугандарына жана тааныштарына берилип кеткени айтылууда.

Количество просмотров: 134