• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы алмашты

28 Жалган куран 2022 10:53 Бишкек Govori.TV

Аалиев Азиз Кубанычбекович Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматт айтылгандай, чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров буга чейин Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошоткон.

Количество просмотров: 119