• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзгөндө президенттин эл менен жолугушуусу кандай өткөнүн депутаттар айтып берди

5 Тогуздун айы 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты.

Парламенттеги «Альянс» фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев «Азаттыкка» билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

«Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Алар бир метр дагы жерибиз башкаларга кеткен жок деп жооп беришти. Тескерисинче, 1965-жылы картада Өзбекстанга карап калган учурлар бар. Ошол жерлердин баары сүйлөшүү жолу менен, утуш менен чыктык деп айтылды. Эми ратификацияга келсек, бардык документтерди карап көрөбүз. Азыр биз дагы ак же көк деп айта албайбыз. Анткени колубузда бир дагы кагаз жок. Бирок жалпы алганда мен дагы чек ара маселеси чечилиш керек деген ойдомун. Анткени буга чейинки бийликтегилердин баары сүйлөшүүлөр, делимитация, демаркация иштери болуп атат деп убакыт созулуп, анан алар бийликтен кетишкен. Ошол эле убакта депутаттардын талабы — жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек. Расмий бийлик суу дагы, жер дагы биздики деп айтты», — деди Акаев.

Эл өкүлү парламентте бул маселе ийне-жибине чейин карала турганын кошумчалады.

Жолугушууга катышкан «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып «Кемпир-Абад» суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн билдирди.

«Кемпир-Абад кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да», — деди Мадумаров.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан менен болгон келишим тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.

Количество просмотров: 554