• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Өзбек президенти Мирзиёев интернетти ылдам жана арзан кылууну тапшырды

10 Үчтүн айы 201814:46 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Интернетти ылдам жана арзан кылууну тапшырды. Бул тууралуу ал Өзбекстандагы маалымат-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча өткөн жыйында билдирди.

Аталган жыйынга Өзбекстан премьер-министри, анын орун басарлары, өкмөт мүчөлөрү катышты.

“Мага биздин өлкөдө 20 миллион киши интернет колдонорун айтышты. Бирок кызмат көрсөтүү чектелүү болгондуктан, калктын басымдуу бөлүгү “Telegram” колдонушат”, – деди Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле  Мирзиёев интернетке болгон бааны төмөндөтүүнү, ылдамдыгын кеминде 4 эсеге жогорулатууну, ал эми 2020-жылга карата КМШ өлкөлөрүнүн деңгээлине жеткирүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 17