• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Өзбекстан 1-октябрдан тарта орус газын импорттой баштайт

25 Аяк оона 2023 17:01 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан 1-октябрдан тарта орус газын колдоно баштоону пландоодо. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Өзбекстандын Энергетика министрлигине шилтеме кылып билдирди.

«Пландарга ылайык, 1-октябрдан тарта орус газы Өзбекстанга бериле баштайт. Бардык керектүү инфраструктура жана газ куурлары жогорку басымдагы газды алууга даярдалды», — деди Өзбекстандын энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Хасан Ташхожаев.

Буга чейин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Өзбекстандын өкмөтү «Газпром» компаниясы менен өлкөгө жаратылыш газын жеткирүү боюнча эки жылдык келишимге кол койгон. Анда бир жылда 2,8 миллиард куб метр көгүлтүр отун жеткирүү каралган.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, келишимдин алкагында 1-октябрдан тарта суткасына 9 миллион куб метр жаратылыш газын импорттоо пландалууда.

Количество просмотров: 113