• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Өзбекстан чет элдик паспорт берүү эрежесин жеңилдетти

6 Аяк оона 2022 16:34 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда биометрикалык паспорт берүү эрежеси жеңилдетилди. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик кызмат көрсөтүү агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Чет элдик паспорт алуу үчүн бардык кызмат көрсөтүү борборлоруна же ички иштер органдарына кайрылса болот.

Бул арада кагаз түрүндө анкета-арыз толтуруу тажрыйбасы толугу менен жоюлду. Эми ал электрондук форматта гана толтурулат. Кызмат акысын QR-кодду сканирлөө аркылуу жүргүзүүгө болот.

Мындан тышкары талап кылынчу документтердин саны да кыскартылды. Алардын арасында аскердик билеттин көчүрмөсүн жана 18-27 жаштагылардан аскер комиссариаттардан маалымкат талап кылуу жокко чыгарылды.

Мындан ары эгер ата-энелер жашы жете элек балдарына паспорт алуу үчүн кайрылса, алардан макулдук үчүн нотариалдык кепилдик талап кылынбайт.

Количество просмотров: 86