Сурхандарыя облусунун Денау районунда «Жигули» автоунаасына орнотулган газ баллону жарылып, эки киши каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдары кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык 19-октябрда «Денов-Мобил» ишканасына таандык газ куюу станциясында катталган. Жарылуу «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү автоунаага орнотулган газ баллонуна метан куюп жаткан маалда болгон.
Жыйынтыгында газ куюу станциясынын 43 жаштагы кызматкери менен жардам берип жаткан экинчи унаанын 25 жаштагы айдоочусу мүрт кеткен. «ВАЗ-2106нын» айдоочусу жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча Сурхандарыя облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин баштады.