• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстан ИИМи Гүлнара Каримованын абалы начарлаганы тууралуу кептерди четке какты

13 Жетинин айы 2020 9:48 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан ИИМинин укук бузуулардын алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Умида Абдуллаева аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап кеткени жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

Октябрда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова “Инстаграмдагы” баракчасына апасынын абалы начарлап кеткенин жана ал түрмөнүн медицина бөлүмүндө пневмония диагнозу менен дарыланып жатканын жазган.

ИИМдин өкүлү Гүлнара Каримованын түрмөдө өз жанын кыйганы тууралуу кептерди да четке какты.

«Өзүн-өзү өлтүрүү же башка терс окуялар жөнүндөгү сөздөр негизсиз. Гүлнара Каримова сот белгилеген жазасын өтөп жатат», — деди Умида Абдуллаева.

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы, 48 жаштагы Гүлнара Каримова «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптар менен 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 105