• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Өзбекстан кайрадан дүйнөдөгү эң көп алтын саткан өлкө болду

8 Бугу 2024 13:22 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан быйыл март айында кайрадан дүйнөдөгү эң көп алтын саткан өлкө деп табылды. Дүйнөлүк алтын кеңешинин (World Gold Council) маалыматына ылайык, өлкө мартта 11 тонна алтын экспорттоп, бул көрсөткүч боюнча Таиланд (10 тонна) менен Иорданиядан (төрт тонна) ашкан.

Маалыматка караганда, мартта Түркиянын Борбордук банкы 14 тонна, Индия менен Кытай 5 тоннадан, Казакстан менен Сингапур төрт тоннадан алтын сатып алган.

Өзбекстан быйыл февралда да 12 тонна алтын экспорттоп, бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан.

2023-жылы Өзбекстан 25 тонна алтын сатып, эң көп алтын экспорттогон өлкөлөрдүн арасында экинчи орунга жайгашканы кабарланган.

Өзбекстандын Статистика агенттигинин баяндамасына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында өлкө сыртка 2,6 миллиард долларга (жалпы экспорттун 41,7%) алтын экспорттогон. Бул өткөн жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 10,5% көп. 2023-жылдын алгачкы үч айында өлкө 2,4 миллиард долларга алтын саткан.

Количество просмотров: 210