• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстан: Кыргызстанга дээрлик $600 миң мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жарандар соттолду

27 Бештин айы 2023 9:26 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Мамлекеттик коопсуздук кызматы жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ташкент, Анжиян жана Наманган облустарындагы ишкерлердин чек өлкөлүк валюталарын Кыргызстанга мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл май айында Анжияндын эки тургуну ишкерлерден ири суммада чет өлкөлүк валюталарды алып, аны шериктерине берүү үчүн Фергана облусуна барышкан. Ал жактан акчаны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз чыгарып кетиши керек болгон Кувасай шаарынын тургуну менен бирге кармалышкан. Анын Spark үлгүсүндөгү автоунаасын тинткенде 590 945 доллар салынган төрт баштык табылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун лидери да колго түшкөн.

Бул факты боюнча «Бажы мыйзамдарын бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кийин иш Наманган райондук сотунда каралып, эки айыпталуучу 5 жылдан эркиндигинен ажыратылса, дагы экөө 5 жыл алты айга соттолду. Мындан тышкары соттун өкүмү менен 590 945 доллар жана Spark автоунаасы мамлекеттин пайдасына алынды.

Количество просмотров: 73