• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстан Кытайга гуманитардык жүк жөнөтөт

13 Бирдин айы 2020 9:05 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү максатында Кытайга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу токтомго өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кытайга бир жолу колдонулуучу колкаптар, коргоочу комбинезондор, беткаптар жөнөтүлөт.

Гуманитардык жүктү атайын учак менен Кытайга өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алып барат.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайдын Ухань шаарында коронавирустан 1100дөн ашуун киши өлдү, инфекцияны жуктургандардын саны 45 миңге жетти.

Количество просмотров: 63