• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өзбекстан өлкөдө «пандемия артка чегине баштаганын» билдирди

24 Жалган куран 20229:06 Бишкек Govori.TV

22-мартта Өзбекстанда коронавирустун 7 учуру катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, “пандемия артка чегине баштаганын” белгиледи.

Маалыматка караганда, Ташкентте 5, Наманган облусунда 2 учур катталган. Шейшемби күнү оору жуктургандар болгон эмес. Марттын башынан бери коронавирустан өлгөн учурлар айтыла элек.

Өзбекстанда 2020-жылдын март айынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 237 527ге жетти.

Количество просмотров: 68