• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбекстан менен Орусиянын премьер-министрлери Москвада жолугушат

18 Аяк оона 2023 15:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-сентябрда Москвада Өзбекстандын жана Орусиянын премьер-министрлери Абдулла Арипов менен Михаил Мишустин биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүшөт.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө тараптар экономикалык, инвестициялык жана маданий кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле өнөр жайды, энергетиканы жана айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

«Өнөр жай, энергетика, транспорт, айыл чарбасы, илим, билим берүү жана эки өлкөнү кызыктырган башка тармактар боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат», – деп билдиришти орус өкмөтүнөн.

Ташкент менен Москва 2022-2026-жылдары өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтыктын комплекстүү программасын ишке ашырууда.

Билдирүүдө Орусия менен Өзбекстандын газ тармагындагы кызматташтыгынын кеңейтилиши Борбор Азиядагы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылган өлкөлөрдүн улуттук жана аймактык кызыкчылыктарына жооп берери жазылган.

2022-2026-жылдары өкмөттөр аралык программанын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу көлөмүн көбөйтүү пландалууда. 2022-жылдын жыйынтыгы менен ал 8,7 миллиард долларга жеткен. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 26% көп. 2023-жылдын январь-июль айларында товар алмашуу көлөмү 14% көбөйүп, 5,2 миллиард долларды түзгөн.

Количество просмотров: 74