• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстан менен Тажикстан 26,5 млн долларлык келишимдерге кол койду

17 Баш оона 2022 14:57 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан менен Тажикстандын расмий адамдары Сурхандарыя жана Хатлон облустарынын бийлик органдары менен ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу 23 макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук «Ховар» жаңылыктар агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, документтерге өткөн жуманын соңунда аяктаган форумдун алкагында кол коюлду. Макулдашуулардын арасында – өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум жана туризм тармагында кызматташуу боюнча «жол картасы» бар.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында 26,6 миллион долларга товар жеткирүү боюнча алты келишимге жана инвестициялык 15 долбоорго кол коюлду.

Количество просмотров: 127