• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстан менен Тажикстан чек араны тактоо маселесин талкуулашты

31 Үчтүн айы 2023 12:36 Бишкек Govori.TV

23-30-январь аралыгында Дүйшөмбү шаарында тажик-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тажик-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук демаркация сызыгынан өтүү маселелери, ошондой эле демаркациялык карталарды түзүүнүн технологиялык процесси талкууланды.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн алкагында тажик-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участокторун жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү.

«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.

Количество просмотров: 61