• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өзбекстан Орусиядагы жарандарын алып келүү үчүн эки поезд каттамын уюштурат

16 Бирдин айы 202214:53 Бишкек Govori.TV

«Өзбекстан темир жолдору» ишканасы COVID-19 пандемиясы маалында Орусияда калган өзбекстандыктарды алып келүү үчүн Волжский шаарынан Ташкентке атайын эки каттам уюштурат.

Атайын каттамдар 18чи жана 28-февралда ишке ашат. Билеттерди бир гана — «Волжский-Ташкент» багыты боюнча сатып алуу мүмкүн.

Өзбекстан коронавирус пандемиясы башталгандан бери чет өлкөлөрдөн он миңдеген жарандарын атайын поезддер жана чартердик каттамдар менен алып келүүдө.

Количество просмотров: 81