• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстан Орусиядан 300 миң тонна мунай сатып алат

26 Чын куран 20239:13 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Энергетика министрлиги Орусиянын «Газпромнефть» ишканасы менен 2023-жылы 300 миң тонна мунай импорттоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Адхамжон Убайдуллаев «Иннопром. Борбор Азия» көргөзмөсүндө билдиргенин «Газета.уз» басылмасы жазды.

Аталган үч күндүк көргөзмөгө Орусиянын, Өзбекстандын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн 300дөн ашык компаниясы катышууда.

Өткөн жылы декабрда Өзбекстан менен Казакстан 2023-жылы 300 миң тонна казак мунайын, Казакстан аркылуу дагы ушунча көлөмдө орус мунайын жеткирүү боюнча макулдашууга кол койгон. Мындан тышкары тараптар газ сактоо жайларын куруу жана модернизациялоо боюнча да макулдашкан.

Теги:
Количество просмотров: 59