• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мунайды кайра иштетүүчү заводдун кызматкери өзүнө өрт койду

4 Баш оона 2022 14:19 Бишкек Govori.TV

2-августта Ферганадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун аймагында кызматкерлердин бири үстүнө бензин чачып, өзүнө өрт койду. Бул тууралуу Фергана облустук прокуратурасы билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Хает Шамсутдиновдун айтымында, бул факты боюнча Фергана шаардык прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«Даре» басылмасынын маалыматына караганда, 47 жаштагы аял мындай кадамга жумушсуз калганына байланыштуу барган. 2-августта анын заводго кирүүгө уруксат берген документин алып коюшкан.

Басылманын макаласында белгиленгендей, аял өзүнө өрт койгондо ага эч ким жардам берген эмес. Заводдун кире беришинде өрт өчүрүү каражаттары жок болгон. Жыйынтыгында аял катуу күйүк алган.

Количество просмотров: 181