Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өзбекстандык мигранттардан эмгек патенти үчүн төлөм алууну убактылуу токтотуп туруу өтүнүчү менен Орусияга расмий түрдө нота жөнөттү.
Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Авазбек Хажиметов билдиргендей, ушул тапта бул маселе Орусия өкмөтүнүн тиешелүү органдары тарабынан каралууда.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2-апрелде өлкө боюнча апрель айын иштебей турган күндөр деп жарыялаган. Буга байланыштуу мигранттар ишсиз калышкан.
Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда эки миллиондой өзбек мигранты бар.