• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстан Пакистанга гуманитардык жардам жөнөттү

2 Аяк оона 2022 16:08 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан суу ташкындарынан жабыркаган Пакистанга 40 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу «Дунё» агенттигинин маалыматына караганда, гуманитардык жардам өсүмдүк майынан, ундан, күрүчтөн, эт консерваларынан, кондитердик жана макарон азыктарынан, кийим-кече жана төшөнчүлөрдөн турат. Жардам Исламабадга учак менен 1-сентябрда жеткирилген.

Июлдун ортосунан 31-августка чейин Пакистан аймагынын 25% суу ташкындары болду. Жаратылыш кырсыгынан бери дегенде эле 1100 киши өлүп, он миллиондогон адам жабыркап, дээрлик 1 миллион турак жай зыянга учурады.

Расмий маалыматтарга ылайык, суу ташкындарынан улам Пакистандагы 220 миллион кишинин 500 миңи үйлөрүн таштап, коопсуз райондордогу лагерлерде жашоого аргасыз болууда.

БУУ донор өлкөлөрдү тез арада Пакистанга 160 миллион доллардан кем эмес жардам берүүгө чакырды.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф бул өлкө тарыхындагы эң күчтүү сел болгонун билдирди. 31-августтагы билдирүүсүндө ал суу ташкыны 700 миң баш малды агызып, айдоо аянттарын жууп кеткенин айтты.

Количество просмотров: 278