• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбекстан: райондук прокуратуранын имаратында Улуттук гвардиянын кызматкеринин сөөгү табылды

18 Тогуздун айы 2023 10:18 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы райондук прокуратуранын имаратында Улуттук Гвардиянын кызматкеринин сөөгү табылганын ырастады. Бул тууралуу «Газета.uz» басылмасы жазды.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Улуттук гвардиянын кызматкери Ташкенттин Алмазар райондук прокуратурасынын имаратында өзүнө ок чыгарганы тууралуу маалыматтар тараган.

Мекеменин билдирүүсүндө Улуттук гвардиянын күзөт кызматынын өкүлүнүн сөөгү ажатканадан табылганы, анын жанында тапанча болгону жазылган. Азырынча анын өлүмүнүн себеби аныктала электиги, тиешелүү экспертизалар дайындалганы кабарланды.

Бул окуя боюнча Ташкент шаарынын аскердик прокуратурасы тергөө иштерин баштады.

Количество просмотров: 152