• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Өзбекстан өсүмдүк майын экспорттоого убактылуу тыюу салды

2 Кулжа 2022 12:55 Бишкек Govori.TV

1-июнда тартып Өзбекстан күн карама менен пахта майын, мындан тышкары күн карама жана башка майы бар өсүмдүктөрүн уругун экспорттоого тыюу салды.

31-майда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев базарда баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, министрлер кабинети аталган товарлар ички рынокто жетиштүү өлчөмдө болгон шартта экспорттук чектөөлөрдү алып коюуга укуктуу.

Өзбекстандын каржы министринин орун басары Дилшод Султанов жергиликтүү басылмаларга маек куруп, азыр бардык өлкөлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн ушул өңдүу чараларды көрүп жатканын айтты.

“Дүйнөдө квота же чектөө киргизүү, же болбосо тыюу салуу тенденциясы жүрүп жатат. Өткөн аптада дүйнөдөгү эң ири экспортерлордун бири болгон Индия кумшекердин экспортуна чектөө киргизгени жөнүндө маалымат жарыяланган”, — деди ал.

Өзбекстан күн карама майы негизинен Орусия менен Украинадан экспорттойт.

Количество просмотров: 77